• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Алай районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-июнда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш жана Нура айылдарынын жашоочуларына 21 акысыз укуктук кеп-кеңештер берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, калк менен жолугушуу Сары-Таш айылдык Маданият үйүнүн базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

"3-июлда “Тилектештик автобусу” Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылына барат. Калк менен жолугушуу Сары-Могол айыл өкмөтүнүн базасында өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий