• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМКнын Нарын облустук башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Бүгүн УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имаратынын ачылышы болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Өлкө башчысы алгач УКМК кызматкерлерин кечээги кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү жана жооптуу милдеттерине ийгиликтерди каалады.

“Сиздердин жигердүү, кесипкөй аракетиңиздердин натыйжасыда мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, эл жаратмандык менен алектенүүдө. Ушул басыгыңыздардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилдиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта берээриңиздерге ишенем”, - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров өлкө коопсуздугун, аймактын бүтүндүгүн камсыздоо, улуттар арасындагы ынтымакты түзүү, мамлекеттеги коомдук-саясий-социалдык туруктуулукту бекемдөө аракеттери УКМКга жүктөлгөнүн белгиледи.

Андан тышкары, президент оор милдеттерди гана жүктөбөстөн, аны натыйжалуу аткаруу үчүн УКМК кызматкерлерине тиешелүү шарттар мамлекет тарабынан түзүлүп жататканын айтты.

“Эгеменге ээ болгондон бери Кытай менен чек ара сызыгын тактоо жана аны коргоодо УКМКнын Нарын райондук бөлүгү өзүнө чоң жоопкерчиликти алган. Коомдук-саясий окуяларда облустагы акыбалды турукташтырууга, коррупцияга бөгөт коюу, кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө да өз милдетин так аткарып келе жатат. Бул бөлүмгө имарат 1988-жылы курулган. 35 жылдан бери бир дагы оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес экен. Ошондуктан биз Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен кызматкерлерге кызматтык шартты түзүү максатында демөөрчүлөрдү тартып, имаратты, короо-жай менен кошо оңдодук. 2000 чарчы метр имарат толук оңдоодон өткөрүлдү, ага кошумча имараттар салынды. Тосмо, асфальт төшөлдү. Имараттын жаңыланып, иштөө шарттарынын жакшырышы сиздердин тышкы жана ички коркунучка каршы күрөшүүңүздөрдүн сапатын жакшыртат деп ишенем”, - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий