• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Таласта мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салынды

Аймак 0

Бишкек. 21.12.23. /Кабар/. Талас облусунда мыйзамсыз акча алмаштырган жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, КР УБнын облустук башкармалыгы тарабынан тиешелүү лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөн Кыргызстандын Д.С.Т. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий