• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арстанбаптагы "Зорька" эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан "Зорька" эс алуу жайына кошумча 10 жаңы корпус салынып, биринчи агым менен 300 бала жайкы эс алууга чыкты. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн аталган жайда президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Мындан сырткары, балдардын жайкы эс алуусунун башталышына карата уюштурулган майрамдык салтанатка катышты.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон "Кыргызнефтегаз" ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

"Зорька" эс алуу жайы негизинен Кыргызнефтегаз ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий