• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент: ШКУ өз ара ишенимге негизделген эл аралык мамилелердин шыктандыруучу мисалы болду

Президент 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. "Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин моделинин шыктандыруучу мисалы болуп калды", - деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда видеоконференц-байланыш режиминде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы өз сөзүнүн башында Индиянын ШКУга жемиштүү төрагалыгына ыраазычылыгын билдирип, бул убакыттын ичинде Индия ШКУ мамлекеттеринин кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүүсүн мындан ары бекемдөө боюнча чоң иштерди аткаргандыгын белгиледи.

Президент биргелешкен иштин маанилүү жыйынтыктарынын бири Ирандын ШКУнун толук кандуу мүчөлөрүнүн катарына кирүүсү болот, деп баса белгиледи. Ошондой эле Беларусь сыяктуу ишенимдүү өнөктөштү ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кошуу процедурасынын ийгиликтүү аяктоосу күтүлүүдө. Өткөн мезгил ичинде "ШКУнун үй-бүлөсүнүн" географиясы кыйла кеңейгени кубандырат.

Садыр Жапаров учурда Кувейт, Мальдив, Мьянма, Бириккен Араб Эмираттарына жана Бахрейнге ШКУнун диалог боюнча өнөктөшү макамы берилгенин канааттануу менен белгиледи.

ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүнүн жалпы саны 14 өлкөгө жеткен бекем жана келечектүү потенциалын эске алуу менен мамлекет башчысы Катчылыкка биргелешкен иш-чаралардын "Жол картасын" иштеп чыгуусун тапшырууну сунуштады.

"Бул соода, инвестиция, банк иши, транспорт, энергетика, ошондой эле маданий-гуманитардык, анын ичинде туризм жана билим берүү чөйрөсүндөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга диалог боюнча өнөктөштөрүбүздү активдүү тартууга мүмкүндүк берет, деп ойлойм. Кызматташуунун чоң потенциалын ишке киргизүү зарыл. Акыркы жылдары ШКУнун географиялык камтуусунун олуттуу кеңейиши эл аралык коомчулуктун биздин уюмга болгон кызыгуусунун өсүп жатканын тастыктайт. Бул бардык жактан алып караганда түшүнүктүү. Азыркы күнү дүйнөдө диалогдун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун аябай тартыштыгы сезилип жаткан учурда Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, өз ара пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешкен өнүгүүгө умтулууга негизделген эл аралык мамилелердин шыктандыруучу мисалы болуп калды", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан негиздөөчү мамлекет катары ШКУнун Хартиясынын духуна жана анда жазылгандарына бекем берилгендигин, мүчө мамлекеттердин коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди ар тараптуу колдой тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий