• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент: «Акылман» лицейи келечектеги мамлекеттик органдардын татыктуу жетекчилерин окутуп чыгарат

Президент 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. «Акылман» президенттик лицейи келечектеги мамлекеттик органдардын татыктуу жетекчилерин окутуп чыгарат", - деп президент Садыр Жапаров бүгүн экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттардан түшкөн суроолорго жооп берип жатып, белгиледи.

Мамлекет башчысы министрликтердеги жана ведомстволордогу кадрдык тез-тез алмашуулар тууралуу суроого жооп катары - бүгүнкү күндө министрлик жетекчилерин алдыга коюлган милдеттерди аткара албаганы үчүн алмаштырууга туура келип жатканын белгиледи.

«Тилекке каршы, кадр маселеси көйгөй бойдон калууда. Көптөр трибунадан кооз сүйлөгөнү менен, бирок иш жүзүндө иштин реалдуу натыйжалары жок. Демек, ушул себептен жетекчилерди алмаштырууга туура келүүдө», - деди Садыр Жапаров.

Совет доорун эскерип, президент ал убакта кадрларды даярдоо болгонун баса белгиледи. Отличниктерди жогорку окуу жайларына тапшырышкан, кызыл диплом менен бүтүрүүчүлөрдү сөзсүз мамлекеттик кызматка чакырышкан. Жетекчилик позицияларды карьералык тепкичтен ырааты менен көтөрүлгөн мыктылардын мыктысы ээлешкен. Бирок, биздин жакынкы мезгилде тааныш-билиш менен жумушка орношкон учурлар бар болгонун, аны баары билгенин айта кетти.

Садыр Жапаров мындай аракеттерге бөгөт коюп, акыркы үч жылдан бери андай нерселер токтоп калганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы быйыл Ысык-Көлдө ачылган «Акылман» президенттик таланттуу балдар лицейи 20-30 жылдан кийин өз жемишин берерине ишенимин билдирди. Садыр Жапаров бул лицейден келечекте мамлекеттик органдардын татыктуу жетекчилерин окутуп чыгаруу милдетин коюп жатат.

Президент Садыр Жапаров лицейде сынактын жыйынтыгы менен республиканын бардык аймактарынан тандалып алынган таланттуу окуучулар билим алып жатканын баса белгиледи. Өз кезегинде мамлекет лицейдин бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүп, жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий