• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыя шаарынын мэри өлкөнүн жети миллионунчу жаранынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусунун ата-энесин куттуктап, шаардык төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэр Маткалыков өлкөнүн 7 миллионунчу жашоочусу болуп төрөлгөн Жакшылыктын ата-энесине каалоо-тилектерип айтып, белектерди тапшырган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду.

7 миллионунчу кыргызстандык фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы - Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Күн мурун президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 7 миллионунчу наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага чың ден соолук, узун өмүр каалады. Баланын энеси куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет башчыдан жаңы төрөлгөн баласына ысым берүүнү өтүндү. Президент Садыр Жапаров 7 миллионунчу кыргызстандыкка өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн билдирген Жакшылык ысымын берүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранынын депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Айлин Кожошева 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Каныкей Кайыпова 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

Пикир

Оставить комментарий