• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги троллейбустардын санитардык абалын текшерүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн комиссия коомдук унаалардын санитардык абалын текшерди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кабинанын санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди.

Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди.

Бул текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий