• 88.68
  • 95
  • 0.95

Каракол шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгүнө кубаттуу мотопомпалар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнө кубаттуу мотопомпаларды тапшырды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел, суу ташкындарында куткаруучуларга эң керектүү болгон 2 мотопомпа Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 3 млн 467 миң сомго алынды.

Белгилей кетсек, 29 аттын күчүнө барабар болгон мотопомпалар секундасына 150 литр сууну сордуруу кубаттуулугуна ээ. Ошондой эле сел ташкындарында кум, ылай аралашкан сууларды сордурууга мүнкүнчүлүк берип, келечекте өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу иштерин ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий