• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Жаманбаев Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри менен жолугушту

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы эки тараптуу иш-чаралардын, анын ичинде жогорку жана бийик деңгээлдеги өз ара иш сапарлардын практикалык аспектилерин, ар кандай багыттар боюнча кыргыз-өзбек комиссияларынын биргелешкен отурумдарынын графигин талкуулашты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешкен практикалык аракеттер планын (“Жол картасы”) ишке ашыруунун жүрүшү, жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун актуалдуу маселелери жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жана өнөр жай кооперациясын андан ары өнүктүрүүнүн перспективаларына көңүл бурулду.

Соода-экономикалык кызматташтыктын бардык маселелерин ар тараптуу жана предметтик талкуулоо үчүн профилдик ведомстволордун катышуусу менен биргелешкен ишти улантуу, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен учурдагы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жогорку деңгээлдеги жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Муса Жаманбаев Лазиз Кудратовду Кыргызстанга жумуш иш сапары менен келүүгө чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча министр, министрликтин атынан элчилик менен жемиштүү иштешүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий