• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук банкынан билдиришти.

Белгилей кетсек, америкалык долларга жана еврого карата рублдын куну түшкөн. Учурда бир доллар 75,8 рубль турууда.

КР Улуттук банкы "Кабар" агенттигине комментарий берип, Россиядагы жагдайдын бизге таасири болор-болбостугун айтып берди.

Улуттук банктан белгилешкендей, Кыргызстан менен Россиянын улуттук валюталарынын курстарынын ортосунда түз жана тыгыз байланыш жок.

"Ошол эле учурда Россия, Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары өз ара соода байланыш жана акча которуулар каналы аркылуу биздин өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизип келет. Улуттук валютанын курсунун динамикасы биринчи кезекте экономиканын абалы жана анын тышкы дисбаланстарга, монетардык бийликтин аракеттери менен белгиленет. Андан тышкары, курска ар кандай факторлордон көз каранды болгон ички рыноктогу суроо-талап жана сунуш таасир этет. Ал, белгилүү бир убакыт ичинде алардын өзгөрүү динамикасы окшош болушу же айырмаланышы мүмкүн экендигин билдирет", - деп маалымдайт Улуттук банк.

Аны менен бирге Улуттук банктан билдиришкендей, алар ички жана тышкы чөйрөдөгү экономикалык абалды баалап, мониторинг жүргүзүп турушат.

"Кандайдыр бир тобокелчиликтер чыккан учурларга бизде алардын кесепетин жумшартуу үчүн жетиштүү инструменттери бар. Учурдагы эркин алмашуу курсу саясатынын алкагында, АКШ долларынын КР улуттук валютасы – сомго карата алмашуу курсу ички валюта рыногундагы чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунушка жараша эркин түзүлөт. Улуттук банк ички валюта рыногунда жана тышкы каржы рынокторунда, анын ичинде өлкөнүн негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдөгү абалды байкоого алып турат", - деп билдиришти Улуттук банктан.

Ошондой эле банк керек учурда алмашуу курсунда кескин өзгөрүүлөрдү түзөө үчүн ага кирише аларын билдирет.

Улуттук банктан билдиришкендей, банкта эл аралык резервдердин запасы жетиштүү. 2020-жылдын 6-мартына ылайык эл аралык резервдердин көлөмү 2 млрд 400,15 млн долларды түзүп, ал өлкөнүн товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 4,9 айлык импортун камсыздоого жетет.

"Кошумча белгилей кетсек, калк үчүн улуттук валюта – сомдун курсуна карата ишенимдүү эмес булактардан чыккан ар кандай жоромолдорго, ушактарга жана башка такталбаган маалыматтарга ишенбегени туура болот", - деп билдиришти Улуттук банктан.

Пикир

Оставить комментарий