• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Кыргызстан боюнча 4,7 миңден ашык ишкер Кепилдик фондунун кызматынан пайдаланган

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. 2023-жылы Кыргызстан боюнча 4 миң 736 ишкер "Кепилдик фонд" ААКнын кызматынан пайдаланган. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан өткөн жылы ишкерлер өнөктөш банктардын кепилдиги менен 8 млрд 26 млн сом өлчөмүндө кредит алышкан.

Бизнеске 2 млрд 821 млн сом өлчөмүндө кепилдик колдоо көрсөтүлдү.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 90% дээрлик 2,1 млрд сом суммасында өлкөнүн аймактарында ишердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Алсак:

  • Жалал-Абад облусунун ишкерлерине 401 миллион сомдук 1000ден ашык кепилдиктер берилген;
  • Ош облусунун жана Ош шаарындагы бизнеске 385 млн сом суммасында 814 кепилдик берилген;
  • Чүй облусунун ишкерлерине 534 млн сом суммасында 643 кепилдик;
  • Ысык-Көл облусуна — 221 млн сом суммасында 497 кепилдик;
  • Баткен облусуна — 204 млн сом суммасында 486 кепилдик;
  • Талас облусу – 223 млн сомдук 425 кепилдик;
  • Нарын облусу 129 млн сомдук 389 кепилдикти пайдаланышкан.

Фонддун басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, кепилдик берүүнүн артыкчылыктуу багыттары айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүш жана туризм индустриясы бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий