• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айбек Молдогазиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктарын карап чыгып, 2024-жылга карата кийинки пландарын белгилешти.

Мындан тышкары, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, “С5+1” форматындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдар тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий