• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Литванын расмий адамдарын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды

Саясат 0

Бишкек 22.01.18. /Кабар/. Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2018-жылдын 17-18-январь күндөрү жыл сайын өтүүчү Литва Республикасынын президенти Далей Грибаускайт менен жолугушуу үчүн расмий сапары боюнча барган. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Тышкы иштер министри, Соода-өнөр жай палатасынын Башкы директору жана Литванын ишкерлер конфедерациясынын Башкы директору менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Өмүралиев Литванын расмий адамдарын үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий