• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бакай-Ата районунда 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында 375 орундуу мектептин расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу менен катышты.

Мектептин курулушу КР президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, ишке берилди. Анын курулуш иштери 2014-жылы башталып 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келген.

Мектептин жалпы аянты 2859,2 чарчы метрди түзүп, окуучулар сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Белгленгендей, мектеп Мамкурулуш агенттиги тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.

Пикир

Оставить комментарий