• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы автобекет кадимки режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет кадимки режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жаңы автобекетте учурдун талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн 60 орундуу чоң күтүү залы, 36 орундуу чакан күтүү залы, 3 касса залы, эне жана бала бөлмөсү, сактоочу жай, диспетчердик пункт, наркологиялык бөлмө, автотранспорттук техникалык текшерүүчү жай, айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү, ашканасы бар.

Автобекетке жарандарды аймактарга ташыган кичи автобустар тейленет. Бүгүнкү күндө автобекет менен 25 ташуучу компания (200дөн ашык унаа) кызматташат:

- «Вестерн Транс Сервис» ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек шаары;
- «Токо+» ЖЧКсы - Жети-Өгүз айылы - Бишкек шаары;
- «Чоң Ак-Суу» ЖЧКсы - Григорьевка айылы - Бишкек шаары;
- «Таңкы жол» ЖЧКсы - Ак Суу - Бишкек;
- ЖЧК «Жоломан» - Каракол - Бишкек;
- «Тон Бишкек» ЖЧКсы - Бөкөнбаев айылы - Бишкек шаары;
- «ТаңкыЖол» ЖЧКсы - Ананьево - Бишкек шаары;
- «Тамчы аэропорту» ЖЧКсы – Тамчы айылы – Бишкек шаары;
- «Чок-Тал» ЖЧКсы - Чок-Тал айылы - Бишкек шаары;
- "Барскон Тур Транс" ЖЧКсы - Барскон - Бишкек;
- «Сапар Такси» ЖЧКсы – Нарын – Бишкек;
- «Босого-Транс» ЖЧКсы - Ат-Башы - Бишкек ш.

Маршруттук таксилер (кичи автобустар):
- «Тулпар» АК - Темир айылы, Канат - Бишкек шаары;
- «Нурдан плюс» жеке ишкер- Каракол - Бишкек;
- «Нурдан плюс» жеке ишкер - Түп айылы - Бишкек шаары;
- «Автомобилист» ААК – Каракол – Бишкек;
- «Селенга» ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек шаары;
- «Кутту Жол» ЖЧКсы - Түп айылы - Бишкек шаары;
- «Тулпар» ААК - Темир айылы - Бишкек шаары;
- "Эсен Транс" ЖЧКсы - Жети-Өгүз - Бишкек шаары.

Өз кезегинде, аймактардан келген жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн шаардык каттамдар уюштурулуп, аларды Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы тейлейт. Аталган каттамда №34 автобус жана №285, 221, 211, 123, 104 кичи автобустар иштейт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ошондой эле экспресс каттамдарды жана №192 автобустук каттамды ачуу пландалууда.

Белгилей кетсек, жаңы автобекет Чыгыш автобекетин шаардын сыртына чыгаруу максатында уюштурулган. Шаардын сыртына жаңы автобекеттерди уюштуруу чечими борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртуу жана автобекеттердин айланасындагы тыгын маселесин чечүүгө, экологияны жакшыртууга жана шаар тургундарына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий