• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бейшеналиев: Исманкуловдун клиникасы имаратты талаптагыдай абалда кармаган эмес

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги №2 клиникалык көп тармактуу ооруканада оңдоо иштерин баштады. «Исманкуловдун көз микрохирургиясы» жеке клиникасы жайгашкан оорукананын экинчи корпусунун фасады иретке келтирилүүдө.

Саламатттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, оорукананын фасадынын абалы кейиштүү, чатырынан суу агып, нымдуулуктан кыштары урап, жараксыз абалга келген.

Маалыматта фасадынын урап калуу ыктымалдыгы бар экендиги, андыктан имараттын чатыры да толугу менен алмаштырыла тургандыгы айтылат. Буга байланыштуу бейтаптардын коопсуздугу үчүн имаратты толук жабуу зарыл.

«Жеке клиника мамлекеттик оорукананын имаратын 20 жылдан бери ээлеп турат. Бирок ижарачы имаратты толугу менен талаптагыдай абалда кармаган эмес, бул мамлекеттик менчикке кайдыгер мамиледен кабар берет. Ал эми көз оорулары менен ооруган бейтаптарды эч ким медициналык жардамсыз калтырбай тургандыгына ишендиргим келет, аларды кабыл алуу үчүн Улуттук госпиталда көздүн микрохирургиясы бөлүмдөрү бар, ал жерде жогорку квалификациялуу адистер иштешет, керектүү медициналык жабдуулар бар», — деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий