• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында биринчи кесилишке жабдуулар орнотулду

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында биринчи кесилишке жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев кабарлады.

Анын айтуусунда, кесилиште эреже бузууларды көзөмөл жүргүзүүчү камералар орнотулган.

“Жабдуулар Абдрахманов/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган. Учурда электрондук протоколго кошуу процесси жүрүүдө”, - дейт ал.

Шаршембиев билдиргендей, дагы бир ылдамдыкты жазуучу жабдык Лебединовка айылында орнотулган.

“Биз ушул тилкелердеги механизмдерди ишке киргизип, анан шаардын калган райондоруна орнотууну улантабыз”, - деп билдирди Шаршембиев.

Мамлекеттик байланыш комиеттинин башчысы автоинспекция учурда мониторинг жасоодо деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий