• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкекте жаачылардын жарышы өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.12.18. /Кабар/. Эртең Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып жаа атуу боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Иш-чара Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда саат 10:00дө башталат.

Жарыш WA эл аралык Жаа атуу федерациясынын эрежелери боюнча өтөт.

Биринчиликке баардык жаш курактагы спортчулар катышат.

Пикир

Оставить комментарий