• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айыл чарбасын каржылоо - 11". Дыйкандарга 2,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 20.05.23. /Кабар/. 19-майга карата "Айыл чарбасын каржылоо -11" долбоору боюнча 2,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 2 категория боюнча 2 млрд 258 млн 82 миң сомго 5011 насыя берилген. Анын ичинен:

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 524 млн 878 миң сомго 1 миң 282 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 311433 миң сомго 738 насыя;

– “РСК Банк” ААК 213445 миң сомго 544 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1 млрд 733 млн 204 миң сомго 3 миң 729 насыя берилди, анын ичинен:

банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 726866 миң сомго 1528 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1006338 миң сомго 2201 насыя.

Ошентип, жалпы эки категория боюнча 2 млрд 258 млн 82 миң сомго 5 миң 11 насыя берилди.

– “Айыл Банк” ААК 1038299 миң сомго 2266 насыя;

– “РСК Банк” ААК 1219783 миң сомго 2745 насыя.

Пикир

Оставить комментарий