• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Кара-Балта шаарында 3 күнгө газ өчөт

Аймак 0

Бишкек, 17.04.23. /Кабар/. Кара-Балта шаарында 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-апрелден 19-апрелге чейин "Кара-Балта" газ бөлүштүрүүчү станциясында оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Кара-Балта шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий