• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош облусунда акыркы 9 айдын ичинде төрт өзгөчө оор кылмыш катталган

Аймак 0

Бишкек. 22.10.20. /Кабар/. Ош облусунун аймагында кырдаал туруктуу жана көзөмөлдө, - деп билдирет облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусутук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн катышуусу менен 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Кеӊешмеде үч маселе каралды. Негизинен Ош ОИИБдин 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү канаттандырарлык деп табылды. Айрым катачылыктарды жоюу боюнча бир айлык убакыт берилди.

Ош ОИИБдин өзүк курамы отчеттук мезгилде жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте укук бузуулардын алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнү” деген аталышта иш-чараларды тынымсыз өткөрүп келди. Айыл аймактарынын айылдарында укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдардын, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

"Учурда облустун аймагында өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу менен ИИОго жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарып келүүдө. Акыркы мезгилде жарандар арасында коронавирус илдетин жугузгандардын саны көбөйүп жаткандыгына байланыштуу санитардык посттор коюла баштады. Илдеттин
жайылышына бөгөт коюу максатында Ош облусутук штабдын чечими менен Ош облусунун аймагына райондордо саат 9:00дөн кечки саат 21:00 чейинки мезгилде убактылуу 7 санитардык пост уюштурулуп, жарандарга ооруну алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүп жатат", - де айтылат маалыматта.

Учурда Ош облусунун аймагында кырдаал туруктуу. Кырдаал толугу менен укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

2020-жылдын 9 ай ичинде Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 6 миң 139 кылмыш менен жорук катталган, анын ичинен 3 271 кылмыш, 2 868 жорук.

"Төрт өзгөчө оор кылмыш катталып, иши өндүрүштө болуп, 4 кылмыштын бети ачылган", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий