• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара чыры. Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери жолугушуу өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-сентябрда cаат 16:20да Баткендин Радар жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон.

Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий