• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунда айыл чарба иштерине эч кандай чектөө жок – комендант

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Сузак районунда айыл чарба иштерине эч кандай чектөө жок. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Сузак району, Жалал-Абад шаарынын тегереги агрардык аймак болуп эсептелет. Учурда ал жакта айыл чара иштери, анын ичинде мал чарбасы боюнча эч кандай чектөө жок. Бирок көзөмөл өткөрмө режими бар жана санитардык посттор турган, оору жугузуу коркунучу бар жерлерде жарандарды жумуштарды кое турууну суранып жатабыз. Ал эми райондун башка жерлеринде жана шаардын тегерегинде жумуштар токтобошу керек жана уланууда", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-апрелге карата коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий