• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында таза суу тутуму пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Күн мурун Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында таза суу системасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ачылышына облус башчысы Алтынбек Эргешов, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Хийонг Хонг, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) Кыргызстандагы аткаруучу директору Марс Наспеков жана курулуш компаниясынын өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Иш-чарада облус жетекчиси аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, элге ыңгайлуу социалдык шарт түзүп берүүгө көмөк көрсөткөн Азия өнүктүрүү банкына жана Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине Теңир-Тоо элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Ал башка айылдарда дагы курулуш иштери сапаттуу бүткөрүлүп, элге таза суу жетет деген ишеничин айтып, айыл элин таза суу системасын бүлүндүрбөй, сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.


Бул иш Кыргызстанда 2018-2040-жылдарда өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык КР министрлер кабинетинин демилгеси жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен "Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында" ишке ашты.

Программа КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан жүзөгө ашырылууда. Долбоордун 1-этабы Нарын облусундагы 28 айылды, 2-этабы 15 айылды камтыйт. Азыркы учурда алардын ичинен Нарын районунун 3 айылында 182,7 млн сомго таза суу системасын куруу жумуштары аяктады. Алардын алгачкысы Жалгыз-Терек айылы. Мындан сырткары дагы 4 айылда суу киргизилүүдө. Программа 2027-жылга чейин улантылат.

Жалгыз-Терек айылындагы калктын саны 1245 адам. Долбоордун алкагында 1 скважина бургуланып, 1 суу топтоочу мунара курулду. Ошондой эле таза суу системасынын инфратүзүмү толугу менен бүткөрүлүп, бардык үйлөргө суу тартылды. Курулуш иши "Жумгалсуукурулуш" ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында таза суу менен камсыз кылуу кызматын көрсөткөн муниципалдык ишканаларга компьютердик жабдуулар, шаймандар, атайын техникалар алып берилди.

Пикир

Оставить комментарий