• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө 42 млн сомдук жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен

Аймак 0


Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Өзгөн шаарында жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мамлекеттик объектилердин жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткендигин аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жыйынтыгында УКМК тарабынан Өзгөн шаарындагы Азнабакиев атындагы борбордук стадиондун жана сейил бактын жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Тактап айтканда, 2003-2005-жылдары Өзгөн шаарынын борбордук стадионунун жана Н.Азнабакиев атындагы парктын аймагында убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелери КР жарандарынын жеке менчигине мыйзамсыз берилип, аталган участокторго 2 чайкана курулган.

Мындан улам, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында баалоо экспертизасы дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча объекттердин базар наркы 42 млн 407 миң сомго бааланган.

Жер тилкелеринин жана чайкананын ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары аталган объектилерди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий