• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облустук ооруканасында көз ооруларынын жаңы бөлүмү ачылды

Аймак 0

Ош, 10-апрель /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. Баткен шаарында Швейцариялык врач Асан Кочкоровдун демилгеси жана “Кызыл жарым ай” эл аралык коомунун каржылык колдоосу менен Баткен облустук бириккен ооруканасынын алдында көздү дарылоо боюнча жаңы бөлүм түзүлдү.

Жаңы бөлүмдү ачуу аземине Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын жетекчиси Мунар Насиров, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, “Кызыл жарым ай” эл аралык коомунун президенти Азамат Баялинов жана жергиликтүү врачтар катышты.

Жаңы бөлүмдү курууга жана заманбап жабдыктарды алууга 49 млн сом суммасында инвестиция тартылган. Аталган бөлүм Баткен облусундагы жалгыз көз дарылоо бөлүмү болуп саналат, жергиликтүү врачтар жабдыктарды колдонуу боюнча 2 айлык окуудан өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий