• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңгакты айылында жер көчкү турак үйдү басып калды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Кечээ, 9-апрелде Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Жаңгакты айылында жер көчүп, турак үйдүн жарымын басып калган. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, кырсыктын курмандыктары жок. Себеби, 8-апрелде дээрлик бардык жашоочулары туугандарына көчүрүлгөн. Жер көчкү үйдүн ашкана бөлүгүн басып калган.

Ошондой эле, министрлик Дөбө айылы менен Жүрөк-Маала тилкесин байланыштырган чарбалык көпүрөсүндө жер көчкөнүн билдирет. Бул кырсык тууралуу анын кесепетин жоюу иштеринин жүрүшүндо маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий