• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Апрель революциясынын катышуучусу: «Биз революцияны эл үчүн, биздин жакшы жашообуз үчүн жасадык»

Аналитика 0

2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгына карата “Кабар” агенттигинин кабарчысы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, азыркы абалга баа берген ошол окуялардын катышуучусу менен маектешти.

Апрель революциясынын катышуучусу Бактыбек Жунусовдун айтымында, ошол күнү ал миңдеген башка кыргызстандыктар сыяктуу эле Курманбек Бакиевдин режимине нааразычылык билдирүүгө аянтка барган. “Кыргыз эли ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин кысымына чыдай алган эмес. Журт кыйналып кеткен, өлкөдөгү кырдаалга бардыгы нааразы эле. Саясатчылар, аткаминерлер эмес, карапайым калк Бакиевдин режимине нааразычылык көрсөтүп чыкты. Ал эми Бакиев өз элине ок чыгарганда, эч ким артка кайткан жок, эл коркпостон, ал бийликти өзү өткөрүп берүүсү үчүн колунан келгенинин бардыгын жасады”, - деп эскерет Б.Жунусов.

Ал азыркы учурда өлкө оңолуу жолунда тургандыгын белгиледи. “Биз аз гана убакыт өткөнүн, Кыргызстан толук кандуу бутуна туруусу үчүн бул мезгил жетишсиз экендигин түшүнүп турабыз. Менимче, Кыргызстан оңолуунун жолунда. 7-апрелде башыбыздан кечирген кыйынчылыктар толук акталат деген ишеничтемин”, - деп билдирди ал.

Апрель революциясынын башка катышуучусу Жоомарт Дүйшөмбиевдин айтымында, революция жана элдик кыжырдануунун себептери көп болгон. Мисалы, электр энергиясына баанын жогорулашы, уюлдук байланыш үчүн 60 тыйын алуу жана Бакиевдин бүт үй-бүлөсүнүн бийликке келиши.

Катышуучу эскергендей, натыйжада эл каршылык көрсөтүү акциясына чыкты. Акыры 7-апрелде Бишкекте баары чогулуп, К.Бакиевге нааразычылыктарын айтууга жөнөштү. “Баарынан соң мен ошол кездеги оппозиция лидери жана азыркы өлкө Президенти Алмазбек Атамбаевдин тарабында болчумун. Биз А.Атамбаевди камап койгондугун укканда, карап турган жокпуз, аракет кылууну чечтик. Ал эми Бакиевдин карапайым калкка карата ок атышы, бул жеткен чеги болду. Биз бийликти жок кылууга милдеттүү болуп турдук”, - деди Ж.Дүйшөмбиев.

Ошондой эле, ал ошол күнү бутуна ок тийип, жаракат алганына карабастан, аянтка чыкканына эч өкүнбөй турганын ырастады. “Биз революцияны эл үчүн, биздин жакшы жашообуз үчүн жасадык. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, баары өз жолунда бара жатат. Албетте, дароо эле оңолуп кетпейт, бирок жыйынтыктар болуп жатпайбы. Буга чейинки эки президенттин учуруна салыштырмалуу Кыргызстан өнүгө баштаганын сокур гана көрбөйт, дүлөй гана уга албайт. Мисалы, Ысык-Көлдөгү жолдор оңолду, борбор шаардын тышкы көрүнүшү жакшырды, жолдордун баары оңдолуп жатат. Мындан тышкары, А.Атамбаев кандай саясатчы экендигин көрсөттү. Анктени, Владимир Путин өзү 1916-жылдагы окуяларда курман болгондордун мемориалына келип, гүлчамбар койду. Муну менен сыймыктануу керек деп ойлойм”, - деди ал.

Сөз соңунда Ж.Дуйшөмбиев Кыргызстанда баары жакшы болоруна, учурда болуп жаткан окуялар – айрым саясатчылардын жоруктары экендигине ишендирди. Мыйзам алдында баары жооп берүүгө тийиш.

Мындан тышкары, дагы бир катышуучу Кубаныч Ибраев 1993-жылдан бери өлкөдөгү кырдаалга нааразы болуп келгенин, ошондуктан 24-мартта жана 7-апрелде аянтка чыккандыгын белгиледи. “2010-жылдын 7-апрелин көпчүлүк Кыргызстандын жаңылануусунун башаты катары билишет жана эстешет. Дал ошондой, жаңылануу күнү болсун. Мен алдыда жакшылыктардын болушуна ишенем”. – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий