• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 15-20.02.2021

Аналитика 0

Бул жумада өлкөнүн ишкер чөйрөсүндөгү окуялар өткөн жуманын тенденциясын улантты жана потенциалдуу активдүүлүктү көрсөттү. Атап айтканда нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттаганын божомолдосо, Өкмөт башчы базарларда майдын жарымын өзүбүздүн май менен камсыздоону талап кылды. Көп убакыттан бери биринчи жолу Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү Ташкенттеги оффлайн форумуна катышты. Өлкөнүн борбор шаарынын реалдуу бюджети жана анын ири булактары жарыяланды, салыкчылар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жамаатын электрондук отчеттуулукка үйрөттү, андан тышкары экспорттоочулардан белгиленген эрежелерди сактоону талап кылды. Корея Кыргызстандын сунуштарына кызыгып жатканын билдирди. Ошол эле учурда, өлкөдө товарлардын жана тамак-аш азыктарынын жай, бирок туруктуу өсүшү байкалды. Жалпысынан, апта бир топ активдүү болуп, андан ары жанданууга умтулууда.

Баанын өсүү болжолу. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) бул аптада күйүүчү-майлоочу майга баанын өсүшүнө байланыштуу өзүнүн божомолун жарыялады. Алардын эсеби боюнча кымбаттоо 9-10%ды түзөт.

КНА маалыматы боюнча, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын республикадагы мунай заттарынын учурдагы корунун жана Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун учурдагы сатуу бааларын талдоосунун негизинде республикада күйүүчү-майлоочу майга баа 2021-жылы мартта кымбатташы мүмкүн.

Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баалардын көтөрүлүшүн текшилөө жана күйүүчү май рыногундагы кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууга ниеттенип жатышканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы январь-февраль айларында күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) КРга Россиянын Омск, Орск, Ангарск жана Башнефть мунайды кайра иштетүүчү заводорунан ташылып келген.

Премьер-министрдин талабы. Ушул аптада КР премьер-министри Улукбек Марипов Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн-өзү жок дегенде 50%га камсыздашы керек деп билдирди.

Ал өзүнүн Facebookтагы баракчасында акыркы 6 айда тамак-аш азык-түлүгүнө болгон баа өскөнүн, атап айтканда өсүмдүк майынын баасы 163%га кымбаттаганын айткан.

“Эмне үчүн буга жол берилди, маселени чечүү үчүн чындап эле кадамдар жасалдыбы же чет өлкөлөрдөгү өндүрүүчүлөрдө баа кымбаттап жатабы - мунун бардыгын талдап чыктык", - деди ал.

Ошол эле учурда Премьер-министр өкмөт бааны кандайча түшүрүүгө ниеттенип жатканын айтып берди. Биринчиден, ири өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт, бул Россия жана Казакстан. Экинчиден, Бишкек жана Ош шаарларындагыдай жарманкелерди туруктуу негизде уюштуруу пландаштырылууда.

Ошондой эле, У.Марипов КРнын Айыл чарба министрлигине ички рынокту өсүмдүк майы менен кеминде 50%га Кыргызстандын өзүнүн өндүрүмү менен камсыздоо милдети жүктөлгөнүн айтты. Өкмөт башчы азыр өлкө майды 85% импорттоп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, фермерлерди жеңилдетилген насыя менен камсыздоонун алкагында коммерциялык банкттарга 6 млрд сом бөлүнгөнү жарыяланган.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин ишинде. Бул жумада Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков жыл сайын өтүүчү эл аралык конгресстин бешинчи ишине жана “Гидроэнергетика: Борбордук Азия жана Каспий” аталышындагы көрсөтмөгө ардактуу конок катары катышты. Форум Ташкент шаарында оффлайн режиминде өттү.

Форумда гидроэнергетика Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу багыты болуп саналары жана чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экени айтылды. Ошондуктан, КРнын Эл аралык ишкерлер кеңеши тармакты өнүктүрүү жана инвестор тартууга аракеттерди көрүп жатат.

“Кыргызстандын гидроэнергетика тармагына инвестор тартуу жана бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Борбордук Азия жана Каспий аймагындагы биздин кесиптештер менен өнөктөштүк мамилелерди колдоо маанилуу”,-деген ою менен бөлүштү Аскар Сыдыков.

Анын айтымында, ушул сыяктуу аянттарда аймактагы гидроэнергетиканын актуалдуу маселелерин талкуулоого, коңшулардын тажрыйбалары менен таанышууга жана ушул тармакта кызматташтыкты жакшыртуу боюнча пландарды бергилөөгө болот.

Атап айтканда, Эл аралык ишкерлер кеңешинин башчысы “Газпромбанктын” жетекчилиги, конгресстин коло демөөрчүсү менен банктын Кыргызстандагы долбоорлорго, андан тышкары алдыда Москва шаарында өтө турган кыргыз-россия бизнес форумуна катышуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Ал ошондой эле, конгресстин башка бир катар катышуучулары менен жолугуп, кызматташтыктын келечегин талкуулады.

Баалардын өсүшү. Бул жумада үстүбүздөгү жылдын январында 2020-жылдын январына салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы республика боюнча 18,5%га өскөнү жарыяланды.

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, баалардын эң көп өсүшү өсүмдүк майына болгону байкалган – 54,6%, картошка – 46,3%, жумуртка – 35,4%, шекер – 33,1%, эт – 27,5%, ун – 16,5%, жаңы жашылчалар – 15,1%, макарон азыктары – 16,6%, алкоголсуз суусундуктар – 6,9%, 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт – 5,5%, нан – 5,2%, балык – 3,3% кымбаттаган. Ошл эле учурда тару (5,4%), тоок эти (1,9%), бисквит торттору (0,1%) арзандаган.

Үстүбүздөгү жылы өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баа республика боюнча 1,7%га көтөрүлгөн.

Борбор калаанын бюджети. 2021-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин кирешесинин жалпы көлөмү 10 млрд 230 млн 993,6 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда, бул өткөн жылга салыштырмалуу бирдей деңгээлде.

Бишкек шаардык кеңешинин төагасы Жаныбек Абировдун айтымында, 2021-жылы салыктык кирешелер 8 млрд 951 млн 248 миң сомду, же жалпы кирешенин 87,5%ын түзөт.

“2021-жылы жергиликтүү бюджет боюнча киреше салыгын бөлүштүрүү 100%га чейин өскөн (2020-жылы 85%). Ошол эле учурда жергиликтүү бюджет боюнча сатуулардан түшкөн салык боюнча бөлүштүрүү 0% (2020-жылы 25%). Өз кезегинде салыктык эмес кирешелер 1 млрд 181 млн 996,1 миң сом өлчөмүндө болжолдонууда. Ошондой эле, 2021-жылы “Коопсуз шаар” долбоору боюнча республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер түрүндө 75 млн сом түшүүсү күтүлүүдө”,-деди ал.

Мындан тышкары, төрага 2020-жылы бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөөсү 1 млрд сомду түзгөн жана 2021-жылы дагы бюджеттин болжолдуу кирешесинде ушундай эле төмөндөө коркунучу бар. “Бул жылы дагы пандемия менен күрөшүп, анын кесепеттерин сезебиз деп ойлоп турам. Бизде бюджет теңдемделген, ага ылайык чыгымдар да кирешенин деңгээлинде жазылган”,-деп белгиледи Абиров.

Корея жел тегирмени. Бул аптада КРнын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова жана Taechang N.E.T. Co LTD түштүк корея компаниясынын президенти Джи Ин Хо энергетика жана инвестиция тартуу, Кыргызстанда энергияны калыбына келтирүү булактарын өнүктүрүүдө кайтарымсыз жана техникалык жардам чөйрөсүндө кызматташтык маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, кичи-ГЭС куруу жана жел энергиясы боюнча бирдиктүү долбоорлорду алдыга жылдыруу талкууланды.

Элчи Д.Кемелова жакынкы аралыкта Кыргызстанга гидро жана жел генераторлорун өндүрүү боюнча бирдиктуу ишкана куруу, андан тышкарыкелечектүү инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну сунуштады.

Экспорттоочулар үчүн эреже. Бул аптада КРнын Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн экспорттоочуларын ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө товарды тоскоолдуксуз киргизүү үчүн электрондук эсеп-фактурасын милдеттүү түрдө колдонууга өтүүгө чакырды.

МСК маалыматына ылайык, Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга кетип жаткан жана тескерисинче ал жактан келип жаткан товарларга жана унаа каражаттарына бакоо жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун жүрүшүндө кыргызстандык экспорттоочулар тараптан бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Атап айтканда, көпчүлүк товар экспорттоочулар КРнын салык мыйзамдарын бузуу менен электрондук эсеп-фактурасын тариздебейт (не оформляют), бул электрондук эсеп-фактурасын тариздөө 2020-жылы 1-июлдан баштап киргизилген. Ошондой эле, товарларды Казакстан Республикасынын жасалма тургундарынын дарегине жөнөтүү, каттамдан четтөө жана навигациялык пломбаларды сындыруу фактылары аныкталды.

МСК эгер экспорттоочулар жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуучулукка жол беришсе, анда алар кооптуу унаалардын тизмесине киргизилип, ага карата кыргы-казак чек арасындагы текшерип өткөрүү пункттарында жана маршрут боюнча көзөмөлдүн кошумча түрлөрү жүргүзүлөрүн эскертет.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн кызматтар. Бул жумада КР Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн “Акылдуу чечимдер, бирдей мүмкүнчүлүктөр” аттуу окуу тренингин өткөрдү.

Иш-чара “СМАРТ Салым” салыктык фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Анын максаты – мүмкүнчүлүгу чектелгендерди салык процедураларын фискалдаштыруунун жүрүшүндө бардык салык төлөөчүлөр үчүн ачылган мүмкүнчүлүктөр, алардын артыкчылыктары менен тааныштыруу, ошондой эле, катышуучуларды онлайн режиминде жаңы салык кызматтарын колдонууга үйрөтүү.

Атап айтканда, МСК өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү болгон салык инструменттери, мисалы электрондук патент жана камсыздандыруу полиси, салык төлөөчүнүн жеке эсеби, электрондук салык отчету жана башкалар жөнүндө айтып беришти.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий