• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кабар" МАБ: ЕАЭБдин кызматташуусу пандемия учурунда экономикалык зыянды минималдаштырат

Аналитика 0

Өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо мурдагыдан да кыйла маанилүү болууда. Коронавирус илдети бир да мамлекет өз ара жашай албарын айгинеледи. Соода, экономикалык жана башка тармак жалгыз бутуна тура албайт. Андай боло турган болсо өлкө экономикалык жактан кыйроого учурайт. Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга карабастан Кыргызстан өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташуусу зарыл. Мындан улам 10-апрелде видеоконференция режиминде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болуп, анын жүрүшүндө бир катар маселелер каралды. Алардын бири пандемия учурунда Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө экономикалык туруктуулукту талкуулоо болду.

Бир айга жетпеген карантин өлкөдөгү көптөгөн процесстерге терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн көрсөттү. Атап айтсак, азык-түлүктүн баасынын көтөрүлүшүн Улуттук статистика комитети да белгилеп өттү. Баанын жогорулашына бир катар факторлор таасир этет. Өкмөткө чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө, анткени бардык маселелерди тез арада чечиши керек. Баарыбызга маалым болгондой, коронавирус инфекциясы кулачын ар бир секунд сайын кеңири жайып жатат.

"COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал биздин жашообузга жана ишибизге өз таасирин тийгизип, биз бүгүнкү жыйынды видеоконференция режиминде өткөрүүгө мажбур болуудабыз. Көрүнүп тургандай, иштин аталган форматы биздин чогулуубузга жана күн тартибинде белгиленген маселелерди талкулоого жана алар боюнча макулдашылган жана конструктивдүү чечимдерди кабыл алуубузга тоскоолдук келтире алган жок. Евразиялык экономикалык кеңештин келишимдик-укуктук базасында заманбап чакырыктарга каршы биргелешкен чараларды кабыл алуунун бардык тийиштүү механизмдери киргизилгендигин белгилеп кетүү керек. Бүгүн биз финансы рыногундагы абалдын начарлашына, сырьелук товарларга баалардын кескин түшүүсүнө алып келген экономиканын өнүгүүсү дүйнөдөгү кыйын эпидемиологиялык кырдаалга тушуккан шарттардагы интеграцияны өнүктүрүү маселесин талкуулоодобуз. Болуп жаткан окуялардын фонунда экономикалык активдүүлүктүн кескин төмөндөшүн, ошондой эле экономикалык өсүү темпинин жана өз-ара сооданын кескин кыскарышын байкоодобуз", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кандай болгон күндө да өлкөлөр ортосундагы байланыш процесстери уланууда. Кыргызстанга эл аралык өнөктөштөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ аркылуу ар кандай жардамдар келип жатат. Премьер-министрдин айтымында, коронавирустук инфекциянын экономикалык түзүмгө келтирген кесепетин минималдаштыруу боюнча биргелешкен жана ыргактуу ишке киришүү зарыл.

Мындан тышкары, жыйында азык-түлүктүн коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү.

"Бүгүнкү күнү ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттер үчүн өтө маанилүү маселе - бул өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана өз ара сооданы тийиштүү деңгээлде сактоо. Биз товарларды, биринчи кезекте азык-түлүктү эркин өткөрүүнү камсыз кылышыбыз керек. Ошол эле учурда жарандарыбыздын саламаттыгына жана жашоосуна кам көрүүгө тийишпиз. Буга байланыштуу жүктөрдүн жана айдоочулардын жүрүүсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнү сунуштайм. Анткени биз көптөгөн өлкөлөрдүн мисалында бул эрежелер дүйнөдөгү эл аралык соодага кандай таасир берип жатканын көрдүк. Логистикалык жол-жоболордон жана товарларды ташуу убактысынан жалпы соода-экономикалык системабыз жана биздин интеграциядагы макроэкономикалык кырдаал көз каранды. Коронавирус инфекциясынын жайылуусунун таасиринен улам орто мөөнөттүү мезгилге болжолдуу даярдоо жана пандемиянын кесепеттерин жеңүү чараларын иштеп чыгуу зарыл", - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Белгилей кетсек, өлкө ичиндеги гуманитардык жардам күн сайын калктын аярлуу катмарларына өз убагында берилүүдө. Ошондой эле бардык иш-чаралар ачык жана отчету менен жүрүүдө. 10-апрелге карата республиканын бардык аймактарында калкка азык-түлүк жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун акыркы отчетунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1-сорттогу 2881,7 тонна ун бөлүнгөнү айтылат.

Абылгазиев белгилегендей, өнүктүрүү институттарынын - Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ролун бекемдөө кажет. Алар мүчө-мамлекеттерге кризистик кырдаалда гана эмес, кризистен кийинки мезгилде дагы макроэкономикалык абалды калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүүгө багытталган өз миссияларын аткарууга тийиш.

"Коронавирус инфекциясынын мынчалык динамикалуу жайылышы дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына гана эмес, анын биримдигине да коркунуч туудурат. Ошондуктан бул сыноодон ийгиликтүү өтүп, бирликтин туруктуулугун далилдөө керек. Түзүлгөн кырдаал экономикалык кызматташтыкты, өндүрүштүк корпорацияны күчөтүүнү жана калктын бакубатчылыгын сактоо үчүн биргелешкен иш-аракеттерди ыкчам кабыл алууну арттыруу абзел экендигин дагы бир ирет көрсөттү. Биздин биримдик жана биргелешкен чараларды кабыл алууга умтулуубуз Бирликке чакырыктарды өз ара иштешүүнүн бардык багыттарында евразиялык интеграцияны келечектүү тереңдетүү мүмкүндүгүнө айлантууга шарт түзөт", - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жыйынтыгында кризис учурунда стабилдүүлүктү сактоо боюнча иш-чаралар комплекси (пакет) бекитилди. Аталган комплекс ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсүн камсыз кылат. Кабыл алынган документке ылайык, өз ара соодада күнүмдүк керектелүүчү товарларды ыкчам ташуу, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун кесепеттерин азайтуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды жүргүзүү, өтө маанилүү товарларга бажы алымдарынын коюмун жоюу каралган.

Тараптар ошондой эле 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын долбоорун талкуулашып, бир катар маанилүү жоболор сүйлөшүлдү. Стратегиялык маселелерди талкуулоо 23-апрелде улантылат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий