• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы компаниялар жана жеке адамдар тарабынан санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жеринде протоколдор түзүлүп, эскертүү иретинде бардык чарбалык субъекттерге жакшыртуу эрежелерин милдеттүү түрдө сактоо боюнча эскертүүлөр берилет.

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандардын тизмесинде төмөнкү субъекттер бар:

- Анкара көчөсү, 7/2 дарегинде жайгашкан "Ак сарай" банкеттик залына карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 13 миң сом айып салынды.
- Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн "Турэксперт" ЖЧКсы айыпка жыгылды. Инспекторлор тарабынан протокол түзүлүп, 13 миң сом айып салынды.
- Көрктөндүрүү эрежелерин ушундай эле бузгандыгы үчүн "Рима kg"компаниясы юридикалык жоопкерчилик тартат. Аталган объект "Тазалык" муниципалдык кызматы менен катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча келишим түзгөн эмес. Ага карата протокол түзүлүп, 13 миң сомго айып салынды;
- Республика көчөсү, 146/1 боюнча "Булак" ЖЧКсы КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлгөн. Компания 13 миң сом айыппул алды;
- КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча "Умай групп" ЖЧКсына жанаша аймагын тазалабагандыгына байланыштуу 13 миң сом айып салынды;
- чарба жүргүзүүчү субъекттин башкаруучусу Т.А. аттуу жаранга карата протокол түзүлдү. Жеке жак үчүн айып пулдун суммасы 3 миң сомду түздү;
- жеке ишкер Логайга карата КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114 жана 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 2 протокол түзүлгөн;
- Сүйөкулов көчөсү, 46 дарегиндеги ирригациялык арыкка агынды суу чыгаргандыгы үчүн А. С. аттуу жаранга 5 миң 500 сом айып салынды. Инспекторлор тарабынан КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү.

Эскерте кетсек, борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан ар бир жаран айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылууга милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий