• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук банктын кирешелери өлкөнүн бюджетине багытталат. ЖК мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «КР Улуттук банкынын пайдасын которуу маселелери жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоду.

Мыйзам долбоордун демилгечиси - министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча баяндаманы финансы министринин орун басары – Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору Үмүтжан Аманбаев жасады.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасын 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешесине жүз пайыз өлчөмүндө которуу жолу менен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий