• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тоңдо мурдагы соцкызматкер 1,5 млн сом бюджеттик каражатты уурдоого шектелүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

2024-жылдын 29-апрелинде УКМК тарабынан Тоң райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын мурдагы башчысы К.А.К. мамлекеттик бюджеттин 1,5 млн сомдон ашуун каражатын максатсыз пайдаланган жана уурдаган деп шектелип кармалды.

Тактап айтканда, К.А.К. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Социалдык байланыш" чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик долбоордун алкагында, Тоң районунун беш жашоочусуна бир жолку финансылык жардамды мыйзамсыз алууга шарт түзүп берген.

Мындан тышкары, К.А.К. Тоң районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы үчүн кызматтык автоунаанын ижарасы жөнүндө жалган документтерди даярдап, иш жүзүндө эмгек ишмердигин жүргүзбөгөн айдоочуга эмгек акы жана өргүү төлөмдөрү мыйзамсыз эсептелинген.

Топтолгон материалдардын негизинде К.А.К.га айып тагылып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий