• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара уюштурду

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата "Балдарга канат тартуулайбыз" аттуу иш-чара уюштурду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте уюштурулуп, жаш жүргүнчүлөргө көңүлдүү маанай тартууланды. Анын алкагында жаш жүргүнчүлөрдү кубантуу үчүн оюнчук учактар белекке берилди.

"Бул өзгөчө оюнчуктар кыялдардын жана эркин учуунун символу болуусун кааладык. Мындай белекке ээ болгон ар бир бала өзүн чыныгы учкуч катары сезип, кыялдарын асманга учура аларына ишенебиз", - деп айтылат маалыматта.

"Азыркы учурда балдар ар кандай кыйынчылыктарга жана чакырфктарга дуушар болгон мезгилде жашап жатабыз, ошондуктан алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүү жана көңүл буруу өзгөчө мааниге ээ. Ар бир бала мээримге, камкордукка жана ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө татыктуу деп эсептейбиз. Бул өзгөчө күнү келгиле чогуу балдарга тиешелүү маселелерге көңүл буралы жана алардын өсүп-өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттерди колдойлу", - деп билдирди "МЭА" ААК бшкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

Пикир

Оставить комментарий