• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер менен конкурстук комиссиянын аңгемелешүүсү өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 11-майында Регионалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер менен конкурстук комиссиянын ортосунда аңгемелешүү өткөрүлдү.

Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул аңгемелешүүгө үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинен 22-апрелине чейин Регионалдык кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурсттук тандоонун аңгемелешүү этабына жүйөлүү себептер менен катыша албай калган талапкерлер чакырылган.

Аңгемелешүүгө жалпысынан 13 талапкер катышты. Алардын ичинен 7 талапкер жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчылыгына (аким), 6 талапкер жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчысынын орун басары (акимдин орун басары) кызмат оруна ат салышууда.

Аңгемелешүү учурунда конкурстук комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерге кесиптик ишмердүүлүгү боюнча суроолорун беришти.

Конкурстук комиссиянын катарын Жамин Акималиев, Садыкбек Аблесов, Жаңыл Түмөнбаева, Александр Третьяков сыяктуу өлкөнүн алдыңкы эксперттик коомчулуктун өкүлү, КР президентинин администрациясынын, КР МККнын өкүлдөрү, КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору жана ЖӨБ Бирлигинин төрагасы толукташат. Комиссияны КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт.

Пикир

Оставить комментарий