• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолунда унааларга чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда унааларга чектөө алынды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) жалпы көлөмү болжол менен 11 миң 200 куб метр, анын ичинен унаа жолго 4,5 миң куб метр кар көчкү түшүп, жол жабылган. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине 1 жүктөгүч, 1 грейдер, 2 самосвал тартылып, саат 21:40та унаа жол толук тазаланып ачылган.

Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда киргизилген чектөө алынды (күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар).

Пикир

Оставить комментарий