• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кышка чейин “Түндүкэлектр” 40 көмөк чордон орнотот

Коом 0

БИШКЕК, 11.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Түндүкэлектр” Бишкекте, Чүйдө жана Таласта кошумча көмөк чордондорду орнотуу иштерин жүргүзүүдө,- деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаңы конуштардын чоңоюшу, жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн, бизнес обьектилердин курулушу электр тармагына күч келтирет. Мындан улам кыш мезгили келгенче “Түндүкэлектр” жеке каражатына 41 кошумча көмөк чордон орнотууга камынууда.

“1-августка карата 32 кошумча көмөк чордон орнотулуп бүттү: Бишкекте -1, Чүйдө -17, Талас облусунда - 14. Жаңы көмөк чордондорго башка күч келип жаткан станциялардын кубаттуулугун которсо болот. Көмөк чордондорду курууга жер тилкесин бөлүп берүү маселеси менен “Түндүкэлектр” жергиликтүү башкармалыктарга кайрылып иш алып барган”,-деп жазылат маалыматта.

Белгиленгендей, Бишкекте жалпысынан 4 көмөкчордон куруу пландалган, Чүй облусу боюнча - 23 жана Талас облусунда - 14. Буга мекеме 15,5 млн сом бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий