• 88.68
  • 95
  • 0.95

Атайын ротанын кызматкерлери Ысык-Көл облусуна жөнөп кетишти

Коом 0


Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) Атайын адистештирилген ротасынын 6 экипажы 12 кызматкери жөнөп кетти. Алар туристтик мезгил учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул кызматкерлер туристтик мезгилдин соңуна чейин Ысык-Көл облусунда кызмат өтөшөт.

Эскерте кетсек, бугай чейин Ысык-Көл облусуна Бишкек шаардык кайгуул кызматынан 34 кызматкер жөнөп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий