• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чолпон-Атада Кыргызстан-Азербайжан бизнес-форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отурумунун алкагында кыргыз-азербайжан бизнес-форуму өтөт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, иш-чара 26-июлда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Бизнес-форум Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы бизнестин өкүлдөрүнүн ортосунда ишкер мамилелерди орнотуу үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү иш-чара болуп саналат.

Бизнес-форумдун багыты туризм, өнөр жай, айыл чарба, жеңил өнөр жай, саламаттыкты сактоо, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инжиниринг), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык ташуу, маркетинг жана консалтинг сыяктуу кызматташтык чөйрөлөрүнө тиешелүү болот.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик кызыккан ишкерлерди аталган иш-чарага катышууга чакырат. Форумка катталуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

Суроолор боюнча: 0707- 92-50-50 Тыныбеков Бекжан, 0707-502-502 Исмаилова Акмарал.

Пикир

Оставить комментарий