• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда уюмдардын салык карыздары 39,9 млрд сомду түзөт

Экономика 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда уюмдардын салык жана камсыздандыруу боюнча мамлекетке карызы 39,9 млрд сомду түөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 2,2 млрд сому өнбөй турган карыз болуп саналат. Бул эскирүү мөөнөтүнүн бүтүшү, сот тарабынан карызкордун кудуретсиздигин таануу жана башка себептерден улам карызды өндүрүү мүмкүн болбой турганын билдирет:

"Республиканын салык органдары 2022-жылы салык карызын өндүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүшүп, анын натыйжасында бюджетке 19,1 млрд сом түшкөн. 2023-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2,2 млрд сомду түздү. Өткөн жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында карызды жоюу эсебине 1,5 млрд сом түшкөн", - деди ал.

Абдувапов кошумчалагандай, Мамлекеттик салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды реструктуризациялоо боюнча кампаниянын жыйынтыгында, карызын төлөгөн 24 миң 645 субъектке 16,6 млрд сом туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгарган. Бюджетке 12,6 млрд сом карыздын негизги суммасын төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий