• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ишкерлерге 1 млрд сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кепилдик фонду 1 миң 700дөн ашуун ишкерге 1 млрд 78 млн сомдон ашык суммага кепилдик колдоо көрсөттү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кепилдиктер ишкерлерге 2 млрд 66 млн сомдон ашык кредит алууга мүмкүндүк берген.

"Кепилдик фонду" ААКсынын жаңы кепилдик инструменти – өткөн жылдын аягында киргизилген портфелдик кепилдиктер, республиканын ишкерлери үчүн берилген кепилдиктердин жана кредиттердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.

"Фонд өз ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде (2017-жылдан тарта) 6 млрд 374 млн сомдон ашык суммага 5 200дөн ашык кепилдик берди, бул ата мекендик бизнести 20 млрд 681 млн сомдон ашык суммага кредиттик каржылоого шарт түзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий