• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы бир район жана үч айылдын аталышы өзгөрдү. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий