• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда “Алтын тамга” жана “Алтын сертификатка” ээ болгон бүтүрүүчүлөр сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков 2022-2023- окуу жылында “Алтын сертификат” жана “Алтын тамгага» ээ болгон Жалал-Абад шаарынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, ийгиликтери менен куттуктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сыйлоо аземине шаардык кеңештин депутаты Буниса Мамадалиева, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана мектеп директорлору катышты.

"Билимдүү жаштар - өлкөнүн келечеги. Силер жетишкен ийгилик - жалпы шаарыбыздын ийгилиги. Дайыма изденүүдөн талбай, келечектин татыктуу ээлери болушуңарга тилектешмин ”, - деген куттуктоосун айткан калаа башчысы окуучуларга жана аларга ийгиликке жетүүсүнө зор салымын кошкон ата-энелерге, мугалимдерге ыраазычылыгын билдирип, бүтүрүүчүлөргө белектерди тапшырды.

Ошондой эле шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына кийинки окуу жылында “Алтын сертификат” жана “Алтын тамга” өзгөчө аттестатын алган окуучулардын санын көбөйтүү талабын койду.

Белгилей кетсек, быйыл Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун демилгеси жана шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен жергиликтүү бюджеттен “Мыкты мугалим” сынагын өткөрүүгө 300 миң сом, “Алтын сертификат” жана “Алтын тамгага” ээ болгон бүтүрүүчүлөргө 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал каражаттын эсебинен Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мектептердин 3 бүтүрүүчүсүнө ноутбук, ата-энелерине газ плитасы, ал эми алар бүтүргөн мектептерге үч кызматты бирдей аткарган принтерлер тапшырылды.

Жалал-Абад шаарынан 5 окуучу “Алтын тамга” аттестатына, бир окуучу “Алтын сертификатка” ээ болгон.

Эске салсак, быйыл Жалал-Абад шаарында 797 бүтүрүүчү 11-классты аяктаса, 2228 бүтүрүүчү 9-классты аяктады.

Пикир

Оставить комментарий