• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу мейманканалардын бири медиктер үчүн обсервация катары пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Ош шаарындагы мейманканалардын бири медиктер үчүн обсервация катары пайдаланууга берилет.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 14-июлда калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов обсервация катары пайдаланууга бериле турган "Бий Ордо" мейманканасына барып, шарттары менен таанышып чыккан. Мейманкана медицина кызматкерлери үчүн обсервацияга берилет.

Мейманкана жетекчиси Мунар Исанын айтымында, обсервацияда бардык шарттары менен 50 орундук даярдалып, 15-июлдан баштап ишке кирет. Бул жерде жаткан медицина кызматкерлерин тамак-аш менен ЖИА ассоциациясы камсыздайт. Калаа башчысы мейманкананын жетекчисинине ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий