• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казарманда жүз орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы 100 орундуу Жаңыл мырза мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, демилге АРИС долбоору аркылуу каржыланып, 16 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Азыркы учурда жумуштун 70 пайыздан ашууну аяктап калды.

Пикир

Оставить комментарий