• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын 377 насыясы жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын 36,2 млн сом суммасында 377 насыясы жоюлуп, 160,8 млн сом суммасында 228 насыясы реструктуризацияланган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 31-мартка карата финансы-кредит уюмдарына 514 карыз алуучу кайрылган.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий