• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин тургундарына 3,8 млрд сомго насыя берилди — Улуттук банк

Аймак 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Финансы-кридеттик уюмдар тарабынан Баткен облусунун тургундарына 3 млрд 884,4 млн сомго 36 миң 299 насыя берилди.

Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей, насыялар 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-мартына чейинки аралыкта берилген.

Ал эми “Кепилдик фонду” ААК 129,1 млн сом суммага 250 кепилдик берген. Учурда финансы-кридеттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап, банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшүүдө.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

Пикир

Оставить комментарий