• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто пневмония менен ооругандарга жардам берүү максатында мобилдик топтор үймө-үй кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 23.07.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы боюнча пневмония менен ооруган жарандарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында 167 медкызматкерден турган 48 мобилдик топ үймө-үй кыдырууну жүргүзүүдө.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда Кара-Суу, Алай, Ноокат, Араван райондорунда мобилдик топтор 54 айылды, 5874 кожолукту кыдырып чыгышкан.

Эскерте кетсек, апрель айында да Ош облусунун аймагында коронавирус илдетине чалдыккан адамдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдыруу иши уюштурулган. Анда 5 күн аралыгында 43 айылдан 180 миң жаран кароодон өтүп, 11 учур катталган эле. Үймө-үй кыдыруу иш-чарасы бир жума бою улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий