• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош: Табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу аракети көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.22. /Кабар/. Ош облусунда табият кырсыгынын кесепеттерин жоюу аракети көрүлүүдө, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 3-майда саат 16:00 чамасында мөндүр аралаш жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, Алай районундагы Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак жана 1-май айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынын кесепетинен Корул дарыясынан, ички чарбалык жана сел каналдарынан өткөн көпүрөлөрдү, турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, огород жана социалдык объектилерди сел каптап, айрым объекттер авариялык абалга келген. Ал эми сугат каналдары жана жолдор сел калдыктарына толгон.

Буга байланыштуу КР ӨКМине караштуу Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башчысы Д. Сакыевдин жеке көзөмөлү астында жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми Гидрометеорология кызматынын берген маалыматына ылайык, 4 күндүк туруксуз аба-ырайына байланыштуу, Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине тиешелүү сунуштарын берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий